
Баштапкы териштирүүнүн жүрүшүндө, трагедия болгон учурда батирде чет өлкөлүк жарандар болгондугу аныкталды: В.Ю. (1988-жылы туулган), В.Т. (1987-жылы туулган) жана Т.А. (1988-жылы туулган). Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада аял балкондон кулаган.
Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Чет өлкөлүк жарандар В.Ю. жана В.Т. убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Териштирүү уланууда жана райондук башкармалыктын жетекчилигинин катуу көзөмөлүндө турат.