
Хивинская көчөсүндөгү трагедия
Бишкекте өрт чыгып, анын натыйжасында чет өлкөлүк студент каза болду, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя 16-январь күнү эртең менен Хивинская көчөсүндө болгон.
Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн. Өрттүн аянты 40 чарчы метрди түзгөн, эвакуация учурунда 38 адам чыгарылган.
Окуя болгон жерде 2004-жылы төрөлгөн чет өлкөлүк жарандын денеси табылган.
Сүрөт www