ӨКМдин маалыматы боюнча, саат 6:20да окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн. Эвакуациянын натыйжасында 50 жашоочу коопсуз аймакка чыгарылган.
Куткаруучулардын маалыматы боюнча, саат 08:50дө отту локализациялоого жетишилди, анын аянты болжол менен 800 квадрат метрди түздү.
Учурда бардык өрт очокторун толук жоюу боюнча иш-чаралар улантылууда. Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.