
Баткен облусунда, Бургонду айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты.
Куткаруу кызматынан алынган маалыматка ылайык, өрт тууралуу сигнал 9:47де түшкөн. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлдү.
Учурда өрт өчүрүүчүлөр отту өчүрүү боюнча аракеттерин улантууда. Мүмкүн болгон жабыркагандар жана зыяндын көлөмү азырынча такталууда.
Ведомство кийинчерээк кошумча маалымат берүүгө убада берди.