
Сүрөт Anadolu Agency.
«Анадолу» агенттигинин маалыматына ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 22:48де Сындыргы аймагында, 5,99 км тереңдикте болду, деп маалымдады Түркиянын Төтөнчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар башкармалыгы (AFAD).
Титирөө Мармара жана Эгей аймактарындагы шаарларда, айрыкча Стамбул жана Измирде сезилди.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая CNN Türk телеканалына берген интервьюсунда, Сындыргыда үч имарат жана бир дүкөн кулап калганын, бирок курмандыктар жана жабыркагандар катталбаганын, эч кимдин урандылардын астында калганын билдирди.
Ал ошондой эле кулаган имараттардын экөө август айындагы жер титирөөдөн жабыркап, мөөнөтүнөн мурда жабылганын, аларды бузуу пландалганын белгиледи.
Стамбул, Измир жана Маниса бийликтери социалдык тармактарда учурда жер титирөөнүн олуттуу кесепеттерине байланыштуу маалымат жок экенин, зыянды баалоо иштеринин улантылып жатканын билдиришти.