Милициянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 19-декабрында 1994-жылы туулган Т. К. арыз менен кайрылган. Ал 16-декабрда Каиндыдагы Трудовая көчөсүндө жайгашкан Legacy автоунаа жууучу жайында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылып, хулигандык максатта ага дене жаракаттарын келтиргенин айтып берген.
Окуя катталып, аны иликтөө үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттер жабырлануучуга жеңил зыян келтирилген деген жыйынтыкка келишти.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 131-беренеси "Ден соолукка жеңил зыян келтирүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүүлөр.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция 1986 жана 1989-жылы туулган шектүүлөрдү аныктап, кармоого жетишти. Керектүү тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин, алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Иштин иликтөөсү уланууда.