Текшерүү учурунда 43 жаранга Кара-Бууру айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы аянты 10,75 га болгон участкалар мыйзамсыз берилгени аныкталды, бул айыл өкмөтүнүн токтомдорун жасалмалоо аркылуу мүмкүн болду.
Оперативдик маалыматтар боюнча, жалпы 56 жер участкалары ушундай эле жол менен мыйзамсыз берилген.Маалыматка караганда, шектүү Э. А. Т. текшерүүнү токтотуу жана жоопкерчиликтен качуу үчүн пара берүүгө аракет кылган.
Учурда ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылып, кылмышка катыштыгын аныктоого жана ушул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.