
2-февралдан 8-февралга чейин Кыргызстанда 25 638 жол кыймылынын эрежелерин бузуу катталды.
ГУОБДДнын маалымат кызматына ылайык, алардын арасында:
- 2 666 документтери жок транспорт каражатын башкаруу;
- 359 алкоголдук ичимдик ичип унаа башкаруу;
- 166 унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;
- 674 жөө адамдардын катышуусундагы жол эрежелерин бузуу;
- 3 728 транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу бузуу;
- 27 автохулигандык учур;
- 2 588 ылдамдыкты ашыруу;
- 11 жасалма документтер менен транспорт башкаруу.
Мындан тышкары, 11 821 башка жол эрежелерин бузуу аныкталды.
Ар кандай бузулуулардын натыйжасында 3 598 транспорт каражаты айып пул токтотуучу жайларга коюлду.
Ведомство айдоочуларга жана жөө адамдарга жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоонун зарылдыгын эскертет.