
«Теплые ключи» курорттук аймагында трагедиялык окуя болду: төрт жүргүнчүсү бар авто унаа жартасынан Аламедин дарыясына кулап кетти.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү 2026-жылдын 15-февралында саат 15:30да Аламудун районунун ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топтун кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Окуя Бишкек – «Теплые ключи» трассасынын 15-километринин үстүндө болгондугу такталды. «Хюндай Соната» автоунаасын башкарган 2000-жылы туулган айдоочу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен, натыйжада унаа Аламедин дарыясына кулап кеткен. Окуя болгон жерде ал жана 20-25 жаштардагы, азиялык көрүнүштөгү эки кыз каза болду.
Мындан тышкары, 2000-жылы туулган дагы бир жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Чүй облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда каза болгон эки кыздын жеке жактарын аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Окуя боюнча бардык жагдайларды аныктоо максатында кеңири жана объективдүү тергөө жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.