


Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлери Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери Т.Р.З. тарабынан пара талап кылуу фактын аныкташты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, аталган кызматкер кызмат абалынан пайдаланып, узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга психологиялык басым көрсөтүп, акча талап кылган, кылмыш жоопкерчилиги менен коркуткан.
МУКК жана ИИМдин СВР кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 21-февралында Т.Р.З. 100 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жатканда кармалды.
Азыркы учурда кармалган адам Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды, мында башка мүмкүн болгон кылмышкерлерди аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда.