


Милициянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын декабрь айында укук коргоо органдарына алты арыз келип түшкөн. Арыз ээлери, өздөрүн жабдык берүүчү катары тааныштырган жаш жигит Кытайдан жуугуч машиналар, муздаткычтар жана дивандар алып келүүгө убада берип, товарлар үчүн алдын ала акча талап кылганын билдиришкен.
Арыз ээлеринин айтымында, акчаны алган соң, шектүү байланыштан чыгып, жашынып калган. Алынган акчалардын жеке максаттарда колдонулганы жана убада берилген товарлардын жеткирилбегени тууралуу алдын ала маалыматтар бар. Жалпы зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашкан.
Учурда "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Ош шаарында кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө уланууда.