

Кыргызстандын борбору Бишкекте, укук коргоо органдары велосипеддерди уурдоого шектелген эки өспүрүмдү кармашты. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Борбордун тургуну милицияга арыз жазып, 5-мартта саат 19:00дө, 7-микрорайондогу үйлөрдүн биринин жанында, анын Giant маркасындагы велосипеди белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирди. Уурдалган мүлктүн болжолдуу баасы 40 миң сомду түзөт.
Тергөө иштеринин натыйжасында, Кылмыш кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгы оперативдик иш-чараларды өткөрүп, шектүүлөрдүн ким экенин аныктады. Алар: 2008-жылы туулган Д.Ж. жана 2007-жылы туулган Б.Ж. болуп чыкты. Кармалган өспүрүмдөрдүн бири убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Милициянын маалыматына ылайык, учурда шаарда ушундай ондон ашык уурдоо фактылары аныкталган.