
Унааны текшерүү учурунда көкүрөк бөлүгүндө ок жеп алган жаракаттар табылган. Жаракаттардын мүнөзүн жана деңгээлин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Окуя болгон жердеги тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкү предметтер алынган: Иж-18 маркасындагы 12-калибрлүү ок атуучу мылтык, 13 патрон, гильза, эки мобилдик телефон (iPhone 15 жана Redmi), өз жанын кыюуга арналган кат жана башка далилдер.
Бардык маалыматтарга ылайык, мындай кыйратуучу кадамдын себеби финансылык кыйынчылыктар жана карыздык милдеттенмелер болушу мүмкүн.
Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, бардык зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.