Сүйүү кымбатка түштү: Бишкекте «Лексус» айдаган айдоочу сүйгөнүнүн аты жазылган жасалма номерди орнотуп, 55 миң сом айып пул алды

Арестова Татьяна Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте Lexus GX470 унаасынын ээси жасалма номердик белгини колдонгону үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу 16-мартта УПСМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя 16-мартта саат 14:00 чамасында орун алып, патрулдук кызматкерлер унааны токтоткон учурда, анын оригинал номердик белгисинин ордуна «НУРАЙЫМ» деген ат менен табличка орнотулган.

Айдоочу түшүндүргөндөй, ал кыз досунун атын түбөлүккө калтыруу үчүн номердик табличкага жазууну чечкен. УПСМ мындай аракеттер мыйзамды бузуу экенин эске салды.

Натыйжада унаа айыппул токтотуучу жайга коюлду, ал эми айдоочу боюнча мыйзам бузуулар протоколу түзүлдү.

Мындан тышкары, унааны текшерүү учурунда тиешелүү органдардан уруксатсыз алдыңкы бочкосунан жасалма тонировка табылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айдоочуга 55 миң сом айып пул салынды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: