Москва районунда унаа алдамчылыгына шектүү адам кармалды
Кылмыш иши унааны уурдоо менен байланышкан алдамчылык фактысы боюнча Москва районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан козголду. Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 18-ноябрында полицияга 1989-жылы төрөлгөн К. Т. аттуу жаран кайрылган. Ал 27-октябрда бир эркек адам, унаа сатып алуу боюнча ишенимин утуп алып, 250 миң сомдук Mercedes-Benz 124 унаасын өзүнө ыйгарып, качып кеткенин билдирген.