Нарын облусунда Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 30 миллион сомго жакын айыппул салынды
Нарын облусунда ушул жылдын башынан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) жол эрежелерин бузуу боюнча 28 333 учурду каттаган. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 29 миллион 833 миң 641 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке түшкөн.