Нарын облусунда ушул жылдын башынан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) жол эрежелерин бузуу боюнча 28 333 учурду каттаган.
Жалпы салынган айып пулдун суммасы 29 миллион 833 миң 641 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке түшкөн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында төмөнкү бузуу учурлары аныкталды:
- 801 айдоочу алкоголдук мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалды;
- 6 940 айдоочу ылдамдык режимин бузган;
- 1 820 адам зарыл документтерсиз унаа башкарган;
- 8 172 айдоочу жол белгилеринин көрсөтмөлөрүн эске албаган;
- 689 айдоочу каршы тилкеге чыккан;
- 106 мыйзамсыз айнек тонировкасы болгон учур;
- 51 автохулигандык учур.