
Бул аракеттер муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирди. Мындан тышкары, суу коргоо зонасында жана темир жолдордун жанына санитардык тилкеде коммерциялык муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүп берүү учурлары аныкталды.
2025-жылдын 22-октябрында эки кармалган адам КР ГКНБнын СИЗОсуна жайгаштырылды. Азыркы учурда башка мамлекеттик кызматкерлердин бул мыйзамсыз аракеттерге катышуусун аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.