
Өчүрүүнүн себеби — оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү
30-октябрда Бишкектин бир нече райондорунда ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымат берди.
Расмий маалыматка ылайык, 9:00дөн 16:00гө чейин 2025-2026-жылдардагы жылуулук сезонуна даярдык менен байланышкан оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн төмөнкү даректерде ысык суу камсыздоо убактылуу токтотулат:
- И. Ахунбаев көчөсү 128, 130, 130А, 132, 132А, 134;
- Политехникалык көчө 4, 10, ч/сектор 15;
- Таш-Кумыр көчөсү 6, 8;
- Ч.Айтматов проспекти 70, 72, 74, 76, 80;
- №79 балдар бакчасы.
Сүрөт www