Фестиваль 25-октябрда өтөт
Кыргызстандын борбору Бишкекте 25-октябрда Корея Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган жылдык корей кимчи фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымат берилди.
Келүүчүлөр корей көчө тамактары менен таанышып, салттуу кийимдерди кийип, Кореянын маданиятына жана салттарына чөмүлө алышат.
Фестиваль Курманжан Датка эстелигинин алдында жайгашкан аллеяда 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт (расмий бөлүгү 14:00дөн 15:00гө чейин пландалган).

Сүрөт Бишкек мэриясы тарабынан берилген
