Эң көп бош орундар Жалал-Абад облусунда — 58, андан кийин Ош облусу 46 орун менен, Чүй облусу 26 вакансия менен келет. Нарын облусунда 11 орун, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 14, Талас облусунда 6 орун ачылган. Ош шаарында үч директордук кызмат орунуна да конкурс жарыяланды.
Бишкектеги конкурс тогуз директордук вакансияга тиешелүү жана төмөнкү билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт:
- кечки мектеп №10;
- мектеп №44;
- мектеп №50;
- мектеп №92;
- мектеп №36;
- мектеп №113;
- мектеп №109;
- С. Жусуев атындагы мектеп №98;
- А. Жумагулов атындагы мектеп №112.