
Ош шаардык мэриясы жаңы жылдык майрамдардан кийин борбордук аянтта тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады.
Маалыматка ылайык, тазалоо иш-чараларынын жүрүшүндө 20 кубометр калдыктар чыгарылган: 10 кубометр кечээ кечинде, ал эми калган 10 кубометр бүгүн таң эрте чыгарылган.
Мэрияда ошондой эле көп адамдар чогулган жерлерде тазалыкты сактоо боюнча иштер күн сайын жүргүзүлөрү белгиленди.