Маалыматтарга ылайык, Бишкектин Первомай районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издөө иштерине тартылды, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактык бөлүмдөрүнө ориентировкалар жөнөтүлдү.
Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо улантылууда.

Милиция кызматкерлери мурда жоголгон кызды тапты.
Эскерте кетсек, 11-январь күнү Снежанын энеси милицияга кыздын дайынсыз жоголгону боюнча арыз жазган. Ал кыз 10-январь күнү саат 18:00 чамасында үйдөн чыгып, кайра келбегенин билдирген.