
10 миң долларды кайтарган жок
Бишкекте Первомай районунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген эркекти кармашты. Бул тууралуу маалыматты башкармалыктын басма сөз кызматы таратып чыкты.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-майында М.М. аттуу жаран кайрылган. Ал 2024-жылдын сентябрь айында таанышына Ф.С. аттуу адамга 20 000 долларга бааланган Chevrolet Trailblazer унаасын, өзүнүн дача участкасында баня куруу үчүн төлөм катары бергенин айтты. Келишимдин шарты 10 000 долларды накталай кайтарууну караган.
Бирок, арыз ээси билдиргендей, убада кылынган акча кайтарылган эмес жана милдеттенмелер аткарылган эмес.
Первомай районунун УВДсы тергөө органдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча алдамчылыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында 1989-жылы туулган Ф.С. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ага камакка алуу чарасы тандалды, СИЗО-1де кармалып жатат.
Учурда Ф.С.га карата башка окшош алдамчылык боюнча арыздар бар экендиги белгилүү. Тергөө уланууда.
Укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жабыркаган жарандарды, ошондой эле пайдалуу маалыматка ээ болгон адамдарды 0 (998) 81-04-06, 0 (501) 05-00-77 же 102 телефондоруна кайрылууга чакырышат.
Фото басма сөз кызматы