Ведомствонун маалыматы боюнча, жергиликтүү тургун 6-декабрда Токмок ИИБне кайрылып, 26-ноябрда анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, 620 миң сом, 5 миң доллар жана 20 миң теңге уурдалып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурулук» боюнча кылмыш иши козголду.
Шаардын төрт башка тургуну да милицияга ушундай эле окуялар тууралуу билдиришти. Бул окуялардын бардыгы катталып, ошол эле беренеге ылайык кылмыш иштерин козгоо боюнча чаралар көрүлдү.
Натыйжада, оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө, жергиликтүү тургун болгон 30 жаштагы шектүү кармалды. Азыр ал убактылуу кармоо жайында жатат.
Укук коргоо органдары анын башка кылмыштарга катышуусун текшерүүнү улантууда. Тергөө уланууда.