
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын апрель айында Ж.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Т.С. аттуу жаран тарабынан алданганын айтып, Т.С. биргелешкен бизнес кылуу убадасы менен 100 миң долларлык Hi-Phi Z унаасын алып кеткенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, Т.С. акчаны төрт айдын ичинде кайтарып берүүгө убада берген, бирок өз милдеттерин аткарбай качып кеткен.
Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү.
Милициянын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 1983-жылы төрөлгөн Т.С. кармалды. Азыр ал Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында жатат.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы бул адамдын аракеттеринен жабыркагандарды милицияга 0702494730 же 102 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырат.
Тергөө уланууда.