
Студиянын тагдыры социалдык тармактарда жана мессенджерлерде активдүү талкууланып, борбордун тургундары арасында ар кандай реакцияларды жаратты. Ошентсе да, телеканалдын администрациясы демонтаждын пландалганын жана студияны жайгаштыруу учурунда белгиленген шарттарга ылайык экенин билдиришти.
Студия маанилүү коомдук-саясий окуяларды, мисалы, ШКУ саммитин чагылдыруу үчүн, ошондой эле түз эфирлерди жана интервьюларды өткөрүү үчүн убактылуу объект катары түзүлгөн.
Ала-Тоо аянтында иштөө учурунда шаардыктар, эксперттер жана коомдук ишмерлер менен көптөгөн интервьюлар жазылган. Проект кеңири кызыгууну жаратты, учурда каналдын жетекчилиги студияны жаңы жайга көчүрүү варианттарын карап жатат.