
7 406 мыйзам бузуулар аныкталды
Кыргызстанда автоунаа жолдорунда орто ылдамдыкты көзөмөлдөө башталды. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин комитетинин жыйынында жаңы системаны тестирлөө тууралуу билдирди.
Анын айтымында, атайын камералар тесттик режимде иштеп жатат, учурда 7 406 жолу белгиленген ылдамдыкты ашып өтүү фактысы катталган.
ИИМдин максаты — жеке мыйзам бузууларды аныктоо гана эмес, белгилүү бир жол тилкелери боюнча ылдамдык режиминин сакталуусун мониторинг жүргүзүү, бул жол кырсыктарынын санын азайтууга алып келиши мүмкүн.
Урмамбетовдун белгилөөсү боюнча, бардык кырсыктардын болжол менен 70% ылдамдыкты ашыруу себептүү болуп жатат.
Сүрөт www