



Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежелерин сактоосуна жана жолдордогу коопсуздукту камсыздоого арналган жыйын өттү. Мэриянын маалымат кызматынын маалыматы боюнча, жыйындын катышуучулары шаардагы эң жүктөлгөн токтоочу жайларда ар бир жумада, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүүчү регулярдуу рейддердин жыйынтыктарын талкуулашты.
Бул иш-чаралардын алкагында ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочулар үчүн түшүндүрүү иштери жана кошумча нускамалар өткөрүлдү.
Учурдагы кырдаалды талкуулап, жыйындын катышуучулары жол кырсыктарынын негизги себептерин анализдеп, коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол эрежелерин сактоону күчөтүүгө багытталган бир катар чараларды сунушташты.