
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү
Элзат беш баланын энеси, алардын ичинен улуу кызы 9-класста окуйт. Асанованын айтымында, батир анын балдары үчүн окуу учурунда кайтып келүүчү туруктуу жай болот.
Ал Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылындагы К. Уметалиев атындагы № 22 мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Элзат республикалык кесиптик конкурстун этаптарында жеңишке жетип, башкы сыйлык катары батир менен сыйланды.