
23-январдан 25-январга чейин Ош шаарындагы "Газпром – балаларга" спорттук-сауыктыруучу комплексинде эркектер жана аялдар арасында дзюдодон Кыргызстан чемпионаты өтөт.
Турнирде өлкөнүн мыкты дзюдочулары чогулуп, медалдар үчүн жана улуттук курама командага кирүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт. Аялдар 48, 52, 57, 63, 70, 78 кг жана 78 кг жогору салмак категорияларында, ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг жана 100 кг жогору категорияларында сыйлыктарды талашат.
Бул турнирдеги негизги максат - 2026-жылга карата Кыргызстан дзюдодон улуттук курама командасынын курамын түзүү. Мындан тышкары, чемпионат жаштар арасында спорттук биримдикти бекемдөөгө, дене тарбиясын жайылтууга жана катышуучулардын чеберчилигин жогорулатууга жардам берет.
Чемпионатты уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясы.