




Джеты-Огуз районунда полистиролбетон өндүрүү башталды. Бул маалымат Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан айтылды.
Фонддун маалыматына ылайык, 2025-жылы жергиликтүү бизнесмен долбоор менен фондго арыз берген. Инициативаны район башчысы жана байкоочу кеңеш колдоп, 4,5 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарым кредит берүү чечими кабыл алынган.
Бул каражатка полистиролбетон өндүрүү үчүн атайын формалар, жүктөгүч жана башка зарыл жабдуулар сатып алынган. Предпринимательдин айтымында, курулуш тармагында полистиролбетонго болгон кызыгуу өсүп жаткандыгы анын талапка жооп берерин тастыктоодо. «Бул материал жогорку нымдуулукка туруктуулугу жана универсалдуулугу менен айырмаланат. Аны дубалдарды, бөлмөлөрдү курууда, полдорду жана чатырларды жылуулоодо, ошондой эле монолиттүү курулушта колдонушат. Мындан тышкары, анын баасы калк үчүн жеткиликтүү», — деп айтылат маалыматта.
Жаңы ишкананын ачылышы 6 жумуш ордун түздү жана жергиликтүү бюджетке салык кирешелерин камсыздайт.
Маалымат:
Полистиролбетон — цементтен, суу, көбүк полистиролдун гранулаларынан жана ар кандай кошулмалардан турган жеңил композиттик бетон.