
Жогорку Кенештин жакында өткөн жыйынында Кыргыз Республикасы менен ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда бекитилди. Документ 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкекте кол коюлган «Бардык үчүн суу менен камсыздоо жана санитарияга жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасына тиешелүү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери бул демилге Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдын коопсуз ичүүчү суу жана санитардык шарттарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталганын белгилешүүдө. Программаны каржылоонун жалпы суммасы 200 миллион долларды түзөт.
ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду долбоорду ишке ашыруу үчүн 20 миллион доллар бөлөт. Кредит 20 жылдык мөөнөт менен 5 жылдык жеңилдик мезгили жана жылдык 1,25% пайыздык ставкасымен берилет.