Кыргызстанда инвестицияларга болгон мамиледе жаңы этап башталды, бул жерде негизги акцент санга эмес, сапатка коюлууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз «Кабар» агенттигинин подкастынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, мурда өлкө кандай инвестицияларды болбосун тартууга аракет кылып, алардын маңызына жана экономикага тийгизе турган мүмкүн болгон кесепеттерине көңүл бурган эмес.
«Мурда биз ар бир инвестицияга кубанып, образдуу айтканда, инвесторлорду боорсок жана май менен тосуп алууга аракет кылчубуз. Бүгүн болсо, өлкөдө туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүгү орногондон кийин, инвесторлордун агымы артты, жана биз келген инвестицияларды баалоого көңүл бурууга баштадык», — деди ал.Садык Шер-Нияздын айтымында, жаңы мамиле экономиканы чыныгы пайда алып келе турган, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүп, Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берген долбоорлорду тандоону билдирет.