
Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкекте жана Чүй облусунда атмосферанын булганышынын негизги факторы жеке сектордо көмүрдүн колдонулушу экенин, бул жалпы булгануучу заттардын 40%ын түзөөрүн билдирди.
Ал өз сөзүндө эски унаалардын чыгарган газдары 30%ды, жылуулук электр станцияларынан чыккан газдар 15%ды, ал эми шамалдын көтөргөн чаңы 13,5%ды булганууга кошорун белгиледи. Өнөр жай ишканалары атмосферага 1,5% зыяндуу заттарды кошот.
«Кыргызгидромет» маалыматтарына ылайык, акыркы эки жылда региондогу абанын сапаты жакшырды. Көмүргө болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн газификация боюнча чаралар көрүлүүдө. 2023-жылы 8% шарттарында кредит берүү башталды, ал эми быйыл кредит алууга мүмкүнчүлүгү бар карыз алуучулар үчүн пайыздык ставка 3%га төмөндөтүлдү, алар 150 миң сомго чейин ала алышат. Мындан тышкары, быйыл Дүйнөлүк банк менен 50 миллион долларлык кредиттик келишим жана KOICA менен 10 миллион долларлык гранттык долбоорго кол коюлду», - деди министр.