
Кыргызстанда 1 миллион 909 миң 61 унаа катталган, деп билдирди Жогорку Кеңештин агрардык саясат жана экологияны коргоо боюнча комитетинин жыйынында табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев. Анын маалыматына караганда, унаалардын саны 13%га өскөн, бул экологиялык көйгөйлөрдү жаратууда.
Мамлекеттин автопаркы ар кандай типтеги транспорт каражаттары менен толтурулган: 972 миңи бензин менен, 339 миңи дизел менен, 56 миңи газ менен, ал эми 37 миңи гибриддик унаалар. 2025-жыл ичинде республикага 15 миң 278 электр унаасы киргизилген, бул жалпы унаалардын 0,8%ын түзөт. 2024-жылы беш жашка чейинки унаалардын үлүшү 1,5%ды түзсө, быйылкы жылы ал 4,5%га чейин өстү.
Бишкектеги коомдук транспортто 1 миң 447 газ автобустары, 120 электр автобустары жана 12 кадимки 12-метрлик автобустар иштеп жатат. Ошондой эле, шаарда электр унаалары үчүн 100дөн ашык электр заряддоо станциялары орнотулган, деп белгиледи министр Машиев.