
Жогорку Кенештин агрардык комитетинин жыйынында ОсОО «Газпром» өкүлү Чүй облусундагы газдаштыруу процесси тууралуу маалымат бөлүштү.
Депутат Эркайым Сейтказиева учурдагы иштердин статусу боюнча суроо узатты.
Компаниянын өкүлүнүн айтымында, 2025-жылы Новопокровка, Лебединовка жана Новопавловка сыяктуу айылдардагы газдаштыруу иштеринин аякташы күтүлүүдө.
«Новопокровкада 5 миң 980 үйгө газды туташтыруу аяктап калды. Мындан тышкары, «Энесай», «Военно-Антоновка», «Биримдик», «Орок», «Селекция» жана «Сарбан» сыяктуу жашоо массивдерин газдаштыруу пландаштырылууда», - деди ал.