
Жогорку Кенештин финансылар, бюджет жана ишкердик боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Коргоо министрлигине байланыштуу маанилүү маселелерди көтөрдү. Анын ичинде, ал жаштар арасында өз-өзүнө кол салуулардын көбөйүшү боюнча тынчсыздануусун билдирди. «Ата-энелер мага ар дайым коркунучтуу окуялар менен кайрылышат. Биз балдарыбызды эмне үчүн жоготуп жатканыбызды аныктоо үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу керек. Кимдир бирөө асылып, кимдир бирөө ок жеп жатат, бирок эч ким бул трагедияларды талдап жаткан жок», — деп баса белгиледи ал.
Депутат ошондой эле альтернативдүү кызматтын баасы жана шарттары боюнча суроо узатты.
Коргоо министрлигинин өкүлү мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон жарандар альтернативдүү кызматты 18 ай бою өтө алаарын билдирди.
«12 ооруну эске алган медициналык буйрук №787 бар, ал кызматтан бошотууга укук берет, анын ичинде көрүү проблемалары, миопия жана геморрой», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле депутат аскер кызматкерлеринин айлык акысынын деңгээлине кызыкты.
Жооп катары аскерлердин айлык акысы стажына жана кызмат ордуна жараша 100% га өскөнү айтылды.
«Учурда аскер кызматкерлеринин айлык акысы айына 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн, анын ичинде ар биринин каржылык чыгымдары», — деп белгиледи Коргоо министрлигинин өкүлү.