
ИК №31де, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын реабилитация жана социалдык адаптация борборлорунун психологдору жана инспекторлору үчүн уюштурулган супервизия өттү, деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.
Бул иш-чаранын максаты – соттолгондор жана тергөө астындагылар менен иштеген адистердин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана кесиптик күйүп кетүүнүн алдын алуу.
Супервизиянын катышуучулары практикалык учурларды талкуулашып, тажрыйба бөлүшүп, пенитенциардык аткаруу системасындагы психологиялык коштоонун маанилүү аспекттерин карашты.
Мындан тышкары, Психологиялык кызматтын түзүлгөнүнө үч жыл толуусуна жана 2025-жылдагы иштин жыйынтыктарын чыгарууга арналган иш-чаранын алкагында «Эң мыкты пенитенциардык психолог» номинациясында жеңүүчү жарыяланды. Ички кызматтын капитаны Элеонора Эркегулова кесиптик деңгээлинин жогору болушу жана психологиялык кызматты өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы үчүн белгиленди.
Бул демилге «эл аралык толеранттуулук» фонду (FTI) тарабынан колдоого алынды.