
Учурда өлкөнүн тоолорунда кар жаап жатат.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, жолдордо кыймыл чектелбейт жана ашуулар унаа жүрүшүнө ачылган.
Жолдордун абалын 24 сааттык мониторинг жүргүзүлүп жатат.
Жолдорду тазалоо жана кум-туз материалдары менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларга каршы тилкеге чыгуудан качууну, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана зарыл жабдыктарды алып жүрүүнү катуу сунуштайт.