
17-январдан баштап автомобиль маршруттарына катуу кар жаагандыктан чектөөлөр киргизилген.
Маалыматта жолдорду тазалоо жана аларды кум-туз аралашмасы менен себүү иштерин Транспорт жана байланыш министрлигинин көзөмөлүндө турган мамлекеттик ишканалар «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» жүргүзүп жатканы айтылган.
Мындан тышкары, министрлик айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, кандай жагдайда болбосун каршы тилкеге чыгууга жол бербөөнү жана өздөрүндө бардык керектүү жабдыктарды алып жүрүүнү катуу сунуштайт.
Сүрөт Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген.