Инерттик материалдарды чачуу боюнча 24 сааттык иштерди мамлекеттик ишканалар "Кыргызавтожол-Юг" жана "Кыргызавтожол-Север" жүргүзүүдө.


4-ноябрда саат 9:00дө Тоо-Ашуу (07:00дөн баштап), Ала-Бел (05:10дон баштап) Бишкек - Ош автожолунда жана Отмок (07:00дөн баштап) Суусамыр - Талас - Тараз автожолунда жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр күчүндө, деп маалымдады ведомство.
Министрлик айдоочуларга каршы тилкелерге чыгуудан качууну, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана алдын ала зимний шинага алмаштырууну катуу сунуштайт.
Кененирээк маалымат кийинчерээк жарыяланат.
Башкы беттеги сүрөт архивдик, министрликтин маалымат кызматы.