
Кара-Кече көмүр разрезинин аймагында жеке ташуучулар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызкомур» акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда өлкөдө социалдык отун базаларында көмүрдүн олуттуу жетишсиздиги жана катуу отундун баасынын кескин көтөрүлүшү байкалууда. Көмүр запастарын убагында толуктоо жана рыноктогу баа кырдаалын стабилдештирүү, ошондой эле аз камсыз болгон катмарларга көмүрдү жеткиликтүү баада алуу үчүн шарт түзүү максатында, жеке ташуучулардын көмүр разрезине кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.
«Кыргызкомур» акционердик коомуна жардам берүүнү каалаган жеке айдоочулар, көмүрдү социалдык отун базаларына жеткирүү боюнча иш алып барган ишкана менен кызматташуу шартында көмүр ташууда катыша алышат.
Социалдык отун базалары толтурулгандан кийин, жеке ташуучулардын иши кадимки режимде калыбына келтирилет.