



Аба-ырайынын кескин начарлашы менен Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап жатат. Жол кызматкерлери трассаларды тазалоо боюнча активдүү иш алып барууда.
КР Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, 4-ноябрда саат 09:00дө жүк унаалары үчүн убактылуу чектөөлөр иштеп жатат:
— Тоо-Ашуу ашуусу (чектөөлөр 4-ноябрда саат 07:00дөн башталат),
— Ала-Бель ашуусу (чектөөлөр 4-ноябрда саат 05:10дан башталат),
— Суусамыр–Талас–Тараз маршруту боюнча Отмок ашуусу (4-ноябрда саат 07:00дөн башталат).
Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
Министрлик айдоочуларга каршы тилкеге чыгуу, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну катуу сунуштайт.