
Шаардык мэриянын маалымат кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Бишкекте жылуулук сезону расмий түрдө 3-ноябрда башталат.
3-ноябрдын түнүндө «Бишкек ТЭЦ» МПнын кызматкерлери жылуулук энергиясын өндүрүү жана аны «Бишкектеплосеть» МПга өткөрүү үчүн зарыл болгон негизги жабдууларды ишке киргизүүгө киришет.
Бардык системалар күчөтүлгөн режимде иштейт, ал эми техникалык персонал объектилерди жылуулукка туташтырууну туруктуу жана убагында камсыз кылууга даярданып жатат.
Муниципалдык ишканалар «Бишкектеплосеть» жана «Бишкектеплоэнерго» жылуулук сезонуна даярдык иштерин толугу менен аякташты. Техникалык кызматтар мүмкүн болгон кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга тез жооп берүү үчүн жогорулатылган режимге өткөрүлдү.
Жылуулукка туташтыруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчиден, жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо уюмдарына берилет. Андан кийин көп кабаттуу үйлөргө жана жеке секторго жылуулук берүү башталат.
Өткөн жылы Бишкекте жылуулук 22-октябрда ишке киргизилгенин, ал эми 2021-жылы 31-октябрда башталганын белгилеп кетүү керек.