
16-февралда Шабдан айылындагы айыл чарба жерлеринде, Чон-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына эки километр аралыкта учпаган ак куулар табылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Министрликтен билдиришкендей, жергиликтүү тургундар кушту кармап, аны парк кызматкерлерине коргоо үчүн өткөрүп беришкен. Бул боюнча расмий акт түзүлүп, ак куулар жаныбарлардын реабилитациялык борборуна жөнөтүлгөн. Учурда борбордун адистери ветеринардык текшерүү жүргүзүп, зарыл реабилитациялык жардам көрсөтүүдө.
Министрлик калкка жапайы жаныбарларга сый-урмат менен мамиле кылууга, алардын мыйзамсыз кармалышынан жана зыян келтирүүдөн качууга, ошондой эле ушундай учурлар жөнүндө тиешелүү кызматтарга дароо билдирүүгө чакырат.