Минтранс 28-км Бишкек–Кара-Балта трассасында жер астындагы өтмө куруу иштерин жүргүзөт

Юлия Воробьева Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram

Өнөр жай саясаты, транспорт жана башка маселелер боюнча комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Чомоев Бишкек–Кара-Балта автожолунда жер астындагы жөө адамдардын өтмөгүн куруу маселесин көтөрдү. Ал бул аймакта мектеп жайгашканын жана унаалардын тыгындысынан улам окуучуларга көп учурда унаа кагылышуулар болуп жатканын белгиледи.

Бул боюнча биринчи орун басар транспорт жана байланыш министри Бекназар Базаралиев, өтмөктүн 28-километрде курулушу быйылкы жылга титулдук тизмеге киргизилгенин жана 10 миллион сомдук финансылоонун каралганын билдирди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: