
• 2026-жылдын 20-январында Ленин райондук ИИБине К.Ж. аттуу жаран кайрылып, анын тарбиялануучусу Лилия Толомушова, 2010-жылы туулган, «Джал» аймагындагы № 72 орто мектептен 14:00 чамасында чыгып кеткенин жана андан бери кайтып келбегенин билдирген. Ал «Ак-Ниет» борборунун тарбиялануучусу, дареги: Курчатов көчөсү, 70.
Өзгөчө белгилери: бою 165–170 см, узун кара чач, орто дене түзүлүшү.
Жоголгон учурда кара куртка, кара шым, кара кроссовка кийип, кара сумка кармап жүргөн.
• 2026-жылдын 12-февралында Ленин райондук ИИБине Н.Ж. аттуу жаран Билал Махмадалиевич Мусурманкулов, 2010-жылы туулган, жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Уул бала «Ак-Ниет» борборунан 19:30да чыгып кеткен жана кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 170–175 см, орто дене түзүлүшү, кара чач.

• 2026-жылдын 13-февралында тарбиячы Б.М. Ленин райондук ИИБине Нурболот Улукбекович Замирбеков, 2011-жылы туулган, «Ак-Ниет» борборунан 18:00 чамасында качып кеткенин билдирген. Бул уул бала мурда да бир нече жолу жоголгон деп эсептелген.

• 2026-жылдын 17-февралында ГОМ № 2 дежурная бөлүмүнө тарбиячы Д.К. Кристина Михайловна Суханова, 2011-жылы туулган, «Ак-Ниет» борборунан 11:00 чамасында качып кеткендиги тууралуу билдирүү берген.

• 2026-жылдын 18-февралында Ленин райондук ИИБине С.М. аттуу жаран Ислам Токтогулов, 2011-жылы туулган, «Ак-Ниет» борборунан 18:30да чыгып кеткендиги тууралуу арыз жазган.

• 2026-жылдын 19-февралында «Ак-Ниет» борборунун тарбиячысы К.Ж. Айданек Дуйшеева, 2009-жылы туулган, № 72 мектептен чыгып, 14:00 чамасында жоголгондугу тууралуу билдирген.

• 2026-жылдын 11-январында Первомай райондук ИИБине Т.Г. аттуу жаран кызы Мадина Тагаева, 2008-жылы туулган, жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Анын айтымында, кыз 2026-жылдын 9-январында «Калыс-Ордо» жаңы конушунан 11:00 чамасында чыгып кеткен жана кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 155–160 см, узун кара чач, орто дене түзүлүшү, мүмкүн парик кийип жүрүшү.
Жоголгон учурда: кара жеңил териден жасалган куртка, кара классикалык шым жана ак кроссовка кийип жүргөн.

• 2026-жылдын 25-январында Октябрь райондук ИИБине С.Э. аттуу жаран кызы Чолпонай Эрнисовна Калмаматова, 2008-жылы туулган, жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Ал 2026-жылдын 16-январында 11-микрорайондон 17:00 чамасында чыгып кеткен жана кайтып келген эмес.
Жоголгон учурда: кыска ак шуба жана кара-жашыл джинсы кийип жүргөн.

Жоголгондор тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102 же +996224214346, +996706575793, +996702519806, +996550102238 номерлери аркылуу билдирүү өтүнүлөт.