


27-февралда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев «Жаштар диалогу – 2026» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.
Иш-чарага ар түрдүү тармактардан жаш адистер, жогорку окуу жайларынын студенттери жана коомдук-саясий жашоого активдүү катышуучулар, ошондой эле спикер жана депутаттар, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү катышты.
Сөзүндө Койчиев «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасын маанилүү деп белгилеп, өлкөнүн келечеги жаштардан көз каранды экенин айтты. Ал Жусуп Абдрахмановдун өз элинин кызыкчылыгына багытталган тарыхый аракеттерин мисал келтирип, азыркы муундан да өз «Абдрахмановдору» жана «Айтматовлору» чыгарына үмүт артты.
Мамлекеттик катчы бул иш-чара жаштар үчүн жана бүт өлкө үчүн маанилүү платформа экенин белгиледи.
Сөзүнүн аягында Арслан Койчиев катышуучуларга ийгилик каалап, кыргыз жаштарынын потенциалы чексиз экенин дагы бир жолу баса белгиледи.