
Кыргызстан Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна жумушчу максатта барып, региондун энергетикалык объектилеринин учурдагы абалын жана иштешин баалады. Өзүнүн визити учурунда ал 220/110/24 кВ «Тамга» подстанциясы менен таанышып, жогорку вольттуу электр өткөрүү линияларынын, автоматташтыруу системасынын жана релейдик коргоонун ишин изилдеди, ошондой эле подстанциянын персоналы менен байланышты, алардын сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп чыкты.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр айтылган маселелерди чечүүгө зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө убада берди жана бир нече конкреттүү көрсөтмөлөрдү берди. Атап айтканда, жогорку вольттуу линиялар жана релейдик коргоо бригадаларын кызматтык автотранспорт менен камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары, персонал иштеген административдик имаратты реконструкциялоо зарылдыгы талкууланды. Ошондой эле министр «Тамга» менен Караколдун ортосундагы 220 кВ жогорку вольттуу линияны куруу долбооруна көңүл бурду жана ага байланыштуу сунуштарды карап чыкты. Бул долбоордун алкагында «Тамга» подстанциясын кеңейтүү, кызматкерлер үчүн атайын техниканы сатып алуу жана административдик имараттын чатырына күн панелдерин орнотуу пландалууда.